Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду

БУУнун башкы катчысынын орун басары Татьяна Молчан Кыргызстандын аймактык транспорттук байланыштарды чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттерин белгиледи. Бул тууралуу ал 4-ноябрда Бишкекте өткөн СПЕКАнын Экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, эл аралык темир жол ташууларынын бирдиктүү эрежелерин киргизүү транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул багыттагы маанилүү долбоорлордун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун атады.

Татьяна Молчан Кыргызстандын СПЕКАнын Көп тараптуу өнөктөштүк максаттуу фондуна кошкон каржылык салымын да белгиледи. Фондго Азербайжан жана Өзбекстан да каражат бөлгөн. Ал транспорт, соода, санариптештирүү жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эл аралык темир жол аркылуу жүк ташуу келишими жөнүндө жаңы конвенцияга аймакта биринчи болуп кошулган. Ошондой эле өлкө 2026-жылы СПЕКАга төрагалык кылууда.

Форумда соода жана транспорттук каттамдарды диверсификациялоо, Транскаспий коридорун санариптештирүү жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Татьяна Молчан транспорттук жана санариптик инфраструктурага инвестиция тартууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн маанисин белгиледи. СПЕКА Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын аймактык кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган маанилүү аянтча экендигин кошумчалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Кыргызстан СПЕКАнын трасттык фондуна 1 млн доллар бөлдү

Өлкөнүн 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртууга 43,4 млн сом грант берилет