Кыргызстан СПЕКАнын трасттык фондуна 1 млн доллар бөлдү

Кыргызстан СПЕКАнын трасттык фондуна 1 млн доллар бөлдү

Бишкекте өтүп жаткан БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунда БУУнун башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТО аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана Кыргызстандын программага кошкон салымын белгиледи. Бул тууралуу Экономика министрли билдирди.

Ал 4-ноябрда форумдун ачылышында Кыргызстанга иш-чараны өткөргөндүгү жана 2026-жылы СПЕКАга төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өлкөнүн СПЕКАнын көп өнөктөштүү трасттык фондуна 1 млн доллар бөлгөнүн өзгөчө белгиледи.

Анын айтымында, аймактык кызматташуунун негизги багыттары — транспорттук жана соода байланыштарын чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү. Бул иштер чыгымдарды азайтууга, инвестиция тартууга жана экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө жардам берет.

Ал транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, чек арадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, кагазсыз сооданы жайылтуу жана санариптик кызматтарды кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле чакан жана орто бизнести, ишкер аялдарды жана жаш инноваторлорду колдоонун маанисине токтолду.

Армида Салсия Алишахбана СПЕКАнын трасттык фонду аймактык демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн айтып, ЭСКАТО БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы менен биргеликте өлкөлөрдү колдоого даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, СПЕКАнын Экономикалык форуму 4–5-ноябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду

Өлкөнүн 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртууга 43,4 млн сом грант берилет

Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү үч эсеге өстү

Акай Кыдыров Президенттике талапкерлигин көрсөттү