Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул көрсөткүч 2025-жылдын бүтүндөй жыйынтыгынан 36,61 млрд сомго көп.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы жалпы 390,26 млрд сом түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын 5-ноябрына карата чогулган каражаттын 339,72 млрд сому салыктардан, 87,15 млрд сому камсыздандыруу төгүмдөрүнөн турат.
Салыктардын айрым түрлөрү боюнча түшүүлөр да өскөн. Бирдиктүү салыктан 39,41 млрд сом чогултулуп, 2025-жылдагы 26,41 млрд сомдук көрсөткүчтөн 13 млрд сомго же болжол менен 49%га көп болгон. Ички кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча түшүүлөр 49,39 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын бүтүндөй жыйынтыгындагы 43,73 млрд сомдон 5,66 млрд сомго көп.
Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон товарларга салынган КНСтен 47,68 млрд сом түшкөн. Бул 2025-жылдагы 49,46 млрд сомдук көрсөткүчкө жете элек.
Сатуудан алынуучу салыктын түшүүсү 29,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдагы 29,43 млрд сомго жакын болду. Пайда салыгынан 22,29 млрд сом түшкөн. Былтыр бул көрсөткүч 25,6 млрд сомду түзгөн.
Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси 2026-жылдын 5-ноябрына карата 47,92 млрд сомго жетти. Бул 2025-жылдын бүтүндөй жыйынтыгындагы 39,18 млрд сомдон 8,74 млрд сомго же 22,3%га көп.
