Өлкөдө 10 айда 71 ишкана ачылды

Өлкөдө 10 айда 71 ишкана ачылды

10 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 770,9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Ал январь-октябрь айларында жаңы 71 ишкана ачылганын белгилеп, жыл аягына чейин дагы 47 ишкана ишке кирерин айтты. Касымалиев белгилегендей, өндүрүштөргө 1 млрд 891,8 млн доллар инвестиция салынган.

Касымалиев:" Токмокто дөңгөлөк иштетүүчү, Ивановкада айнек-пластик түтүк чыгаруучу, Манаста металл конструкцияларын чыгаруучу заводдор жана Балыкчыда логистикалык борбор ишке кирди" деп айрымдарын санап өттү.

Өкмөт башчы жыл аягына чейин текстиль комбинаты, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана жана Кочкор-Атада мунай иштетүүчү заводдун биринчи этаптары ачыларын кошумчалады.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте унаалардан чыккан түтүн абаны канчалык булгоодо?

Мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү төмөндөдү

Бишкек-Ош жолундагы рейдде 4 унаага айып пул салынды

Мамлекеттик казынанын кирешеси жана чыгашасы ачыкталды

Ошто көчөт өстүрүү боюнча заманбап лаборатория курулат