Онлайн курс саткандарды билимин көрсөтүүгө милдеттендирүү сунушталды

Онлайн курс саткандарды билимин көрсөтүүгө милдеттендирүү сунушталды

Интернет тармагы аркылуу окутуу кызматын саткандарды билими, тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутат Улан Примов иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкуу бөлүмүнө коюлду.

Долбоордо акыркы жылдары интернет аркылуу жарандарга психологиялык, каржылык сабаттуулук, ишкердик, маркетинг, инсандык өнүгүү жана башка багыттар боюнча акы төлөнүүчү консультациялар, насаатчылык жана коучинг кызматтары көбөйгөнү белгиленет.

Документ андыктан мындай кызматтарды сунуштаган адамдарды кардардан акча алардан мурда кайсы окуу жайды бүтүргөнүн, адистигин, кошумча окуулардан билим алган сертификаттарын жана иш тажрыйбасын ачыктоого милдеттендирүүнү көздөйт. Курс саткан компания болсо, анда сабак бере турган мугалимдер тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Эгерде тиешелүү билими жок болсо, аны дагы жашырбашы керек. Кыска мөөнөттүү курстардан өткөн сертификаттар жогорку билим катары саналбайт.

"Кардарлар кызмат көрсөтүүчүнүн билими, тажрыйбасы тууралуу дайыма эле объективдүү баалай алышпайт. Андыктан алардын финансылык, психологиялык абалына таасир этиши мүмкүн", - деп айтылат долбоордун негиздеме-маалымкатында.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кепилдик фонд 10 айда 2,7 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттердин берилишине көмөктөштү

Кызыл-Кыяда Баткендеги эң чоң күнөскана курулду

Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды

Быйыл 13 млнго чейин турист келиши мүмкүн

Эмгек акы кайсы тармактарда кыйла жогорулаган?