Кызыл-Кыяда Баткендеги эң чоң күнөскана курулду
Баткен облусундагы эң чоң күнөскана Кызыл-Кыя шаарында ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардык мэрия ишкер Кубатбек Сатыбалдиевге 2,5 гектар жер бөлүп берген.
Ишкер күнөскананын курулушуна өз каражатынан 26 миллион сом инвестиция салган.
Күнөскана забанбап технология менен курулгандыгын кошумчалады ишкер.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу