Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–октябрь айларында ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 110,5%га жетти.

Экономиканын бардык негизги тармактарында өсүш байкалды: өнөр жайда – 5,1%га, кызмат көрсөтүү тармагында – 6,3%га, курулушта – 61,5%га жана айыл чарбасында – 4,7%га өстү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан акыркы төрт жылдан бери экономикалык өсүштүн жогорку темптерин туруктуу сактап келет. 2022-жылы экономикалык өсүш 109,0%ды, 2023-жылы 109,0%ды, 2024-жылы 111,5%ды, ал эми 2025-жылы 111,1%ды түзгөн.

Экономиканын секторлорундагы өсүш ички өндүрүштүн кеңейиши, ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы жана туруктуу ички суроо-талап менен шартталды.

Ички суроо-талаптын өсүшүнө калктын кирешелеринин көбөйүшү жана керектөө кредиттөөнүн кеңейиши өбөлгө түздү. Тактап айтканда, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында номиналдык орточо айлык эмгек акы 29,4%га өссө, жылдын алгачкы 9 айында керектөө кредиттөөнүн көлөмү 40,4%га көбөйгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды

Bishkek Snow Leopard Run: чуркоодон түшкөн каражат жаратылышты коргоого жумшалууда

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты

Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда