Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү
2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 422,9 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,9 пайызга көп. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, өсүш ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге, тышкы булактардын 1,8 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды.
Инвестициялардын 80 %ы транспорт жана жүктөрдү сактоо, энергетика, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталды.
Отчеттук мезгилде "Менин үйүм" программасынын алкагында 7 366 батирдин курулушу аяктады. Ошондой эле 33 мектеп, 3 оорукана, 17 амбулаториялык-бейтапкана жана 37 мектепке чейинки мекеме курулду.
Курулуш тармагындагы дүң продукциянын көлөмү 450,3 млрд сомду түзүп, 61,5 %га өстү. Курулуш секторунун ички дүң продукцияга кошкон салымы 4,34 %дык пунктка бааланып, ИДПдагы үлүшү 9,4 %ды түздү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу