Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

2026-жылдын ноябрь айына карата "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында 2 074 субъектке жалпы 5 млрд 999 млн 240 миң 714 сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, каржылоо "АБанк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу жүргүзүлгөн.

Насыя каражаттары айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, продукцияны кайра иштетүүгө жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө багытталган.

Долбоор ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды