"Ала-Тоо Резорт" ири долбоорунун экономикалык пайдасы кандай?
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылына салынып жаткан "Ала-Тоо Резорт" эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышы 1-декабрда болот.
Ошентип, өкмөт өлкөдөгү ири долбоор катары сыпаттап келе жаткан комплекстин биринчи этабы кыш мезгили башталары менен ишке киргени турат.
Алгачкы баскычында эмнелер каралган?
Туристтик кластердин биринчи фазасынын алкагында 47 чакырым лыжа жолу, алты асма аркан жолу ишке берилет. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" акционердик коомунун өкүлү Аскат Чолпонбаев 5-ноябрда "Биринчи радиого" курган маегинде айткан. Ал кошумчалагандай, биринчи фазасы 1-декабрда чоң концерттик программа менен ачылмакчы.
Долбоордун бул бөлүгү мамлекеттин эсебинен каржыланары айтылган.

"Ала-Тоо Резорт" комплексинин толук курулушу 2028-жылы аяктайт деп болжолдонууда.
Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 16-майында Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, курорт 3 фаза менен толук ишке киргзилерин билдирген. Алсак, быйыл биринчи фазасы (Жыргалаң участогу), 2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак), ал эми 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүткөрүлмөкчү.
Өлкө башчы ошондой эле долбоордун алгачкы баскычы мамлекеттин эсебинен куруларын, кийинки этаптары мейманкана, ресторан өңдүү жайларды куруу үчүн сатылган жерлерден түшкөн акча каражаттарына салынарын белгилеген. Жапаров мындай чечим республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн кабыл алынганын кошумчалаган.
"Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап бар, эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек. Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүтүрүлүп берилет. Жерди алып коюп, узак мөөнөт курулуш кылып же "инфратүзүм бүткөндөн кийин жердин баасы он эсе кымбаттайт, анан башка бирөөгө сатып, үстүнөн киреше табам" деген түшүнүк болбойт. Андайларга жол бербейбиз", - деп жазган.
"Ала-Тоо Резорттун" курулушу толук кандуу аяктагандан кийин масштабы кандай болушу мүмкүн?
Эс алуу жайында жалпы 250 чакырымга жакын лыжа трассалары, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар курулмакчы. Мындай маалыматты өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр 8-августта Ак-Суу районундагы тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземинде билдирген.
Тоо лыжа кластеринин жалпы аянты 3916 гектарды түзөт. Ылдамдыгы жогору B1 жана B2 аралаш асма жолдору курулат.
Комполекс төрт мезгил тең иштейт. Анда кышкы сезонду табигый кар менен кошо жасалма кар жаадыруу ыкмасы аркылуу жылына жети айга чейин созуу каралган. Курорт эл аралык стандарттарга жооп бере алгыдай болуп салынмакчы. Лыжа трассаларынын жалпы узундугу менен "Ала-Тоо Резорт" дүйнөдөгү трассалары эң узун он курорттун катарына кирмекчи. Ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланмакчы.






Бийлик туристтик жайды кирешелүү долбоор катары сыпаттап келет.
Президент курулушуна капсула салып жатып, улуттук экономиканын көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошо турган ири долбоор экенин баса белгилеген. Садыр Жапаров долбоор жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн мекенинде иштеп калууга өбөлгө болорун, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болорун кошумчалаган.
Фейсбукка жазган посттун да болсо, "ишке кирсе "Кумтөрдүн" катарын толуктап, жалпы республиканы багат" деп белгиленген.
Өкмөт курорт толук ишке кирсе, жылына 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат жана 5000ден 7000ге чейин жумуш оруну түзүлөт деп божомолдоп жатат.
"Ала-Тоо Резорт" ААКсынын өкүлү Аскат Чолпонбаев жергиликтүү басылмалардын бирине курган маегинде экономикалык эсептөөлөр боюнча, долбоор ишке киргенден кийин мамлекеттик бюджетке жыл сайын болжол менен 146 миллион евро салык түшүүсү күтүлүп жатканын айткан.
Эксперт белгилегендей, жумуш орундарынын түзүлүшү менен жергиликтүү элдин кирешеси артат. Ата мекендик өндүрүшчүлөр да келген туристтерге өз өндүмдөрүн сата алышат. Муну менен аталган аймактын социалдык абалы жакшырышы толук мүмкүн. Шаршеев курорт өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүп, анын эсебинен өлкөгө кирген акча агымын арттырышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Бул өз кезегинде экономикага оң таасирин тийгизет.
Талдоочу тактагандай, экономикалык пайда кирешелер, салыктар, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармагынын өсүшү, ошондой эле инвестиция тартуу сыяктуу бир нече багыттан келет.
"Ала-Тоо Резорттун" курулушу качан башталган?
Комплекстин курулушуна президент былтыр 8-августта капсула салган. Бирок алгачкы даярдык иштери 2025-жылдын июль айында старт алган.
2-июлда узундугу 1727 метр болгон В-1 жана узундугу 2296 метр болгон В-2 асма жолдордун курулушу аяктаган.



