Салык кызматы 10 айда бюджетке 338 млрд сомдон ашык каражат чогултту
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2026-жылдын 10 айында 338 млрд 22 млн сом салыктык түшүүлөр камсыздалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Жолугушуу "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында өтүп, анда ведомствонун ишинин жыйынтыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана келечектеги артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 10 айына карата бюджетке 325 млрд 836 млн сом түшөт деп болжолдонгон. Иш жүзүндө 338 млрд 22 млн сом чогултулуп, план 12 млрд 186 млн сомго ашыгы менен аткарылган.
Иш-чаранын алкагында Салык кызматынын төрагасынын орун басарларынын жана аймактык органдардын жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция форматында кеңешме да өткөрүлдү. Анда салык чогултуу планын аткаруу, белгиленген көрсөткүчтөргө жетүү жана мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы каралды.
Журналисттер менен болгон баарлашууда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал, мунай продуктуларын жеткирүү жана жеткирүүчүлөр менен кызматташуу маселелери да талкууланды. Ошондой эле ички рынокко мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүү жана тармакты жөнгө салууну жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.
Салыктык башкарууну санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү ведомствонун негизги багыттарынын бири экени белгиленди. Учурда Салык кызматынын расмий сайтында жасалма интеллектке негизделген инструменттер иштеп, жарандарга жана ишкерлерге салык маселелери боюнча ыкчам маалымат жана кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Мындан тышкары, жолугушууда "Салык Күзөт" электрондук талдоо тутуму, Салык кызматынын жаңы сайты, "Салык Кеңеш" жана "Айсалык" санариптик сервистери тааныштырылды. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келген айрым товарлардын өлкөгө киргенден тартып сатылганга чейинки кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген товарларга байкоо жүргүзүү тутуму көрсөтүлдү.
ЖМК өкүлдөрү Ишкерлерди тейлөө борборуна да барып, салык кызматтарын көрсөтүү тартиби менен таанышып, салык төлөөчүлөр менен баарлашты.