Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника алынды
24-ноябрда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментине жана Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна, ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрүнө 70 даана айыл чарба техникасы тапшырылды.
Маалыматка ылайык, техникалардын жалпы баасы 178 млн 801 миң сомду түзөт.
Техникалардын ачкычтарын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тапшырды. Жалпы техниканын ичинен 21 даанасы Департаментке, 49 даанасы Дыйканчылык илим-изилдөө институтуна бөлүндү.
Министр илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо ата мекендик агрардык илимди өнүктүрүүдө, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууда жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүүдө маанилүү экенин белгиледи.
Техника Дүйнөлүк банктын "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун алкагында үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр менен камсыз кылуу максатында сатып алынган.



Жаңы техниканын катарында тракторлор, дан жыйноочу жана селекциялык комбайндар, үрөн сепкичтер, үрөн тазалоочу жабдуулар, картошка отургузуучу жана казуучу техникалар, ошондой эле башка атайын айыл чарба жабдуулары бар.