Кыргызстан менен Канаданын ишкердик кызматташтыгы кеңейтилет
Кыргызстандын бизнес-делегациясы "Канада – Борбор Азия 2026" бизнес жана инвестициялык форумуна катышууда. Иш-чарага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров баштаган делегация барды. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки күндүк форумга Канада, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 300гө жакын ишкер, инвестор, соода-өнөр жай палаталарынын жана инвестициялык комитеттердин өкүлдөрү катышууда.
Форумдун негизги багыттары стратегиялык маанидеги минералдык ресурстар, агротехнологиялар, жасалма интеллект, логистика жана чек ара аралык соода болуп саналат.
Иш-чара кыргызстандык ишкерлерге канадалык өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө, инвестиция тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ата мекендик бизнестин эл аралык байланыштарын кеңейтүү багытындагы иштерин улантууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу