Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда

Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда

Каракол шаарында 1000 орундуу заманбап конгресс-холл курулууда. Долбоор Турукташтыруу фонду тарабынан каржыланып жатканын 23-ноябрда Курулуш министрлигинен билдирди.

Долбоорлоо иштери курулуш менен катар жүргүзүлүүдө. Объект жайгашкан жер тилкесинин жалпы аянты 1,6 гектарды түзөт.

Билдирүүгө караганда, курулуш-монтаждоо иштери ушул жылдын май айында башталган.

Бүгүнкү күндө имараттын пайдубалын куруу иштери толук аяктап, биринчи кабаттын плитасын бетондоо иштери бүткөрүлдү. Учурда экинчи кабаттын опалубкасын кармоочу тирөөч мамыларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн жаңы токтом кабыл алды

Садыр Жапаров: "Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү"

Өлкөдө жыл аягына чейин 47 ишкананы ишке киргизүү мерчемделүүдө

"Ала-Тоо Резорт" эс алуу борбору 1-декабрда ачылат

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду