Битум базаларынын кубаттуулугу артууда

Битум базаларынын кубаттуулугу артууда

Транспорт министрлиги битум базаларын модернизациялоо жана алардын сактоо кубаттуулугун жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Маалымдалгандай, 2020–2026-жылдары 5 битум базасын жаңылоо иштери камтылган. Алар: Ысык-Көлдөгү Кыямат-Кыркол, Чүйдөгү Жел-Арык, Таластагы Маймак, Жалал-Абаддагы Шамалды-Сай жана Оштогу Ош-2 битум базалары. Аталган базалардын жалпы сактоо кубаттуулугун 13 580 тоннадан 33 800 тоннага чейин көбөйтүү каралган.

Модернизациялоонун алкагында жаңы буу казандары орнотулуп, битум сактоочу кошумча резервуарлар курулууда, жылытуу системалары жана технологиялык жабдуулар жаңыланууда. Мисалы, Шамалды-Сай битум базасынына кошумча 10 000 тонналык сактагыч курулуп, жалпы кубаттуулугун 15 000 тоннага жеткирүү каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси 28 млрд сомдон ашты

Туризмдин салымы ИДӨнүн 4%нан ашты

Ар бир банк антифрод системасын киргизүүгө тийиш

Ошто IT-шаарчанын курулушу текшерилди

Ысык-Көлдөн 1300 метр синтетикалык тор чыгарылды