Нарындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 65%га аткарылды
Нарын шаарында 100 балага ылайыкталган "Наристе-Нур" атындагы бала бакчанын курулушу уланууда. Учурда объекттеги иштердин 65 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуштун жалпы наркы 108 млн сомду түзөт.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Архитектуралык долбоор боюнча эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 027 чарчы метрди түзөт. Анда балдар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы катары "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу