Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Uno-City" пансионатынын курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Курулуш министрлиги 24-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө курулуш иштери бекитилген долбоордук документтерден четтөө менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
Ошондой эле пансионаттын аймагында тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок байкоо аянтчасы курулганы аныкталды.
Объекттин буйрутмачысы— "Шумкар Эстейт" ЖЧКсы, подряддык уюму — "Борсан Констракшин" ЖЧКсы.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча подряддык уюмга эскертүү берилип, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Натыйжада 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу