Ошто IT-шаарчанын курулушу текшерилди

Ошто IT-шаарчанын курулушу текшерилди

Ош шаарынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан "Ош-Сити" ири долбоорунун (IT-шаарча) курулушу текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.

Белгилүү болгондой, долбоорго ылайык, комплекс 32 лоттон туруп, ар бир лотто 10дон 12ге чейин блок каралган.
Турак үйлөр 4төн 36 кабатка чейин жетет. IT-шаарча заманбап, ыңгайлуу жана жогорку технологиялык турак жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объекттердин комплекстүү курулушун камтыйт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге жана курулуш ченемдерине шайкештиги, уруксат берүүчү документтердин болушу, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы каралды.

Текшерүү иштерин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти дүргүздү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 1300 метр синтетикалык тор чыгарылды

Бишкек ЖЭБи генераторлорду сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкекте №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Максат Байджигитов Чаткал районунун акими болуп дайындалды

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды