Күнүнө 3 млрд сомдун тегерегинде салык чогултулууда
Салык кызматы күн сайын кеминде 3 млрд сом чогултулуп жатканын билдирди.
Маалыматта ноябрь айына 38 млрд сом чогултуу планы коюлганы айтылат. Мекеме бирок пландан 2,5 млрд сомго ашыгы менен аткарууну көздөп жатканын кошумчалады.
Ушул айда социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жалпы 9 млрд 500 млн сом чогултуу пландалса, учурда анын 6 млрд 700 млн сому топтолгон. Демек, пландын 70% аткарылган.
Салык кызматы 11 айда камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 100 млрд сом чогултуларын билдирип, былтыркы жылдын 11 айынан 26 млрд сомго көп болорун кошумчалады.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу