Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестиция 422 млрд сомду түздү

Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестиция 422 млрд сомду түздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков "Борбор Азия 2030. Рыноктун мүмкүнчүлүктөрү" аталышындагы Бишкек эл аралык инвестициялык форумуна катышты. 

Акунбеков бул аянтчада логистика, аймактык соода, ишкердик өнөктөштүк жана каржылоого жеткиликтүүлүк тууралуу сөз болоорун билдирди. 

Анда Кыргыз Республикасы экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактап жатканы, 2026-жылдын алгачкы он айында ички дүң продукт 1 трлн 866 млрд 400 млн сомду түзүп, реалдуу өсүш темпи 10,5 пайызга жеткени айтылды.

Негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү да өскөн. Маселен, 2021-жылы ал 123 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 374 млрд 600 млн сомго жеткен, 2026-жылдын алгачкы он айында бул көрсөткүч 422 млрд 900 млн сомго жетти.

Акунбеков, өнөр жайды, айыл чарбаны жана продуктуларды кайра иштетүүнү, энергетика тармагын, ошондой эле транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалаарын билдирди. 

"Кыргызстан коңшу мамлекеттер, Кытай, Европа өлкөлөрү жана башка эл аралык өнөктөштөр менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар. Борбор Азия өлкөлөрү биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүүгө жана туруктуу камсыздоо чынжырларын курууга дараметке ээ. Кайра иштетүү, логистика жана бөлүштүрүү тармактарындагы кызматташтык биздин ишканаларга кеңири рынокторго чыгууга мүмкүндүк берип, бүтүндөй аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдейт", - деди Акунбеков. 

Белгилей кетсек, "Bishkek Investment Forum – BIF 2026" эл аралык инвестициялык форумуна – дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү, инвесторлор, ишкерлер жана коноктор катышууда.

Форумдун алкагында "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан: жаңы темир жол — жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү", "Чакан бизнестен чоң мүмкүнчүлүктөргө", "Насыя же капитал: бизнестин өсүшүн кантип каржылоо керек", "Капиталды кайда инвестициялоого болот?" аттуу панелдик сессиялар уюштурулуп, өз ара сүйлөшүүлөр, талкуулар, макулдашуулар болду. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күнүнө 3 млрд сомдун тегерегинде салык чогултулууда

2 мэр жана 3 аким кызматынан алынды

Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Акыйкатчы институтуна 10 айда балдардын укугу боюнча 47 кайрылуу түштү

Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду