Чүйдө өндүрүш объектине 200 миң сом айып салынды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында 20 өндүрүш объектисине инвентаризация жүргүзүлүп, алардын биринен мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, инвентаризация Боз-Болток тилкесинде жүргүзүлгөн. Анда кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана кайра иштетүүчү ишканалар, бетон аралашмасын даярдоочу, майдалап-сорттоочу орнотмолор, эритме-бетон түйүндөрү жана кирпич заводу камтылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 20 объекттин 14ү мыйзамдуу негизде иш алып барары аныкталган. Калган объекттердин шаар куруу жана архитектура тармагындагы мыйзам талаптарын сакташы, ошондой эле долбоордук жана уруксат берүүчү документтеринин болушу текшерилип жатат.
Мындан тышкары, Баш-Кара-Суу айылындагы Жатканбаев көчөсүнүн 26-дарегинде жайгашкан майдалап-сорттоочу орнотмонун ишмердүүлүгүнөн "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталган. Бул үчүн "Адал Стиль" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынган.
Учурда калган объекттер боюнча текшерүү уланууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу