Экспортко багытталган ишканалар Кепилдик фонддон финансылык колдоо табышты
2026-жылдын башынан тартып 25-ноябрына карата экспортко багытталган 37 ишкана кепилдик колдоого ээ болду. Берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 483,6 млн сомдон ашып, ишкерлерге 1 млрд 292 млн сомдон ашык кредиттик каражат тартууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКнан билдиришти.
Кепилдик колдоонун тармактык түзүмүндө - өнөр жай, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактары алдыңкы орундарды ээлейт. Бул багыттарга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 91 %га жакыны жана тартылган кредиттик каражаттардын 92 %ы туура келет.
Фонддун билдирүүсүнө караганда, өнөр жай ишканаларына 317,9 млн сомдон ашык суммада кепилдиктер берилип, анын натыйжасында 915,9 млн сомго жакын банктык кредиттер тартылган. Айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканалары 122,4 млн сом суммасында кепилдиктерди алышты, бул 268,9 млн сом кредиттик каражат тартууга шарт түздү.
Аймактар боюнча берилген кепилдиктердин көлөмү жагынан:
- Чүй облусу (193,8 млн сом),
- Бишкек шаары (166,8 млн сом)
- Жалал-Абад облусу (103,7 млн сом) алдыңкы орундарды ээлейт.
Тартылган кредиттик каражаттардын эң чоң көлөмү да ушул аймактарга туура келет.
"Кепилдик фонд" ААКсынын ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде экспортко багытталган ишканаларга жалпы суммасы 2 млрд 234 млн сомдон ашык кепилдиктер берилип, 7,2 млрд сом кредиттик каражат тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.