Төрт райондо жашыл экономика жана финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүүдө

Төрт райондо жашыл экономика жана финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүүдө

Кыргызстандын төрт пилоттук районунда жашыл экономика жана финансылык сабаттуулук боюнча окутуулар уюштурулууда. 2026-жылдын сентябрь-октябрь айларында бул багытта 357 адамды камтыган 16 тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) маалымдады.

Билдирүүгө караганда, окутуулар АРИСтин CS-FOR долбоорунун алкагында Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Сузак жана Өзгөн райондорунда 2026-жылдын сентябрь айынан тартып өткөрүлүп келет. Үч күндүк тренингдерди Борбор Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы жана Коомдук технологиялар борборунан турган консорциум уюштурууда.

Катышуучулардын 185и аялдар болсо, 87си 35 жашка чейинки жаштар. Бул жалпы катышуучулардын тиешелүүлүгүнө жараша 51,8 жана 24,4 %ын түзөт.

Тренингдерде жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөө, калдыктарды башкаруу жана финансылык сабаттуулук боюнча билим берилүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан Болгариянын Кара деңиз порттору аркылуу жүк ташууну талкуулады

"Достук" пунктунан 1 суткада экспорттук товар жүктөгөн канча унаа чыкты?

"Эркеч-Тамда" эки аскер жасалма өткөрмө үчүн кармалды

Насаатчылык өсүштүн кыймылдаткычы: “Бизнестеги айымдар” программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Электромобилдер үчүн бөлүнгөн квота түгөндү