Кыргызстан Болгариянын Кара деңиз порттору аркылуу жүк ташууну талкуулады

Кыргызстан Болгариянын Кара деңиз порттору аркылуу жүк ташууну талкуулады

Кыргызстан менен Болгария кыргызстандык экспорттук жана транзиттик жүктөрдү Европа рынокторуна жеткирүү үчүн Кара деңиз портторун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда министрликте Болгариянын Кыргызстандагы элчиси Георги Воденски баштаган делегация менен жолугушуу өттү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана жүк ташуунун альтернативдүү маршруттарын кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар Болгариянын Варна жана Бургас шаарларындагы Кара деңиз порттору аркылуу кыргызстандык жүктөрдү ташуу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле паромдук кызматтарды пайдалануу, жүктөрдү жеткирүү мөөнөттөрү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, эл аралык жүк ташуулар үчүн эки өлкөнүн ортосундагы уруксат кагаздарынын санын көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жаңы транспорттук багыттарды ишке ашыруу үчүн тарифтердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана рыноктун кызыкчылыгын эске алуу менен биргелешип иш алып барууга макулдашты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Достук" пунктунан 1 суткада экспорттук товар жүктөгөн канча унаа чыкты?

"Эркеч-Тамда" эки аскер жасалма өткөрмө үчүн кармалды

Насаатчылык өсүштүн кыймылдаткычы: “Бизнестеги айымдар” программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Электромобилдер үчүн бөлүнгөн квота түгөндү

Кыргызстан Европага жана Азияга жаңы аба каттамдарын ачууну көздөйт