Ошто 58,8 млн сомдук спорт комплекси ачылууга даярдалууда

Ошто 58,8 млн сомдук спорт комплекси ачылууга даярдалууда

Ош облусунун Алай районундагы Арпа-Тектир айылында спорт комплексинин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 58,8 млн сомду түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган. Долбоорду Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти ишке ашырууда.

Эки кабаттуу имаратта жалпы аянты 1006 чарчы метрди түзгөн спорт зал, машыктыруучунун кабинети, бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана күрөш залы каралган.

Учурда негизги курулуш иштери аяктап, комплекстин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Төрт райондо жашыл экономика жана финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өтүүдө

Кыргызстан Болгариянын Кара деңиз порттору аркылуу жүк ташууну талкуулады

"Достук" пунктунан 1 суткада экспорттук товар жүктөгөн канча унаа чыкты?

"Эркеч-Тамда" эки аскер жасалма өткөрмө үчүн кармалды

Насаатчылык өсүштүн кыймылдаткычы: “Бизнестеги айымдар” программасынын жыйынтыгы чыгарылды