Өкмөт түз инвестицияларды жылына кеминде 20%га көбөйтүүнү пландоодо
Чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн жылына кеминде 20%га көбөйтүү максаты коюлду. Бул тууралуу кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес: ачык диалог” форумунда билдирди.
Өкмөт башчы өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 422,9 миллиард сомго жеткенин белгиледи.
"Эгер 2020-жылы негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 123 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткич 374,6 миллиард сомго жеткен. 2020-жылдан 2025-жылга чейин өлкөгө 5,9 миллиард доллар өлчөмүндөгү түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Акыркы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 11,8 миллиард долларды түзгөн 88 инвестициялык келишимге кол коюлду. Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 12 миллиард доллардан ашып, 13,3%га өстү", - деди ал.
Касымалиев бийликтин ар тараптуу инвестициялык экосистеманы түзүүнү көздөп жатканын айтты. Ал белгилегендей, инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттарга кайра иштетүү өнөр жайы, “жашыл” энергетика, агротехнология, финансылык технологиялар, маалымат борборлору жана жогорку кошумча нарк жаратуучу туризм сыяктуу тармактар кирет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу