9 айда 9,3 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду
Өлкөдө 20 камсыздандыруу компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүздү. Бул Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалымдалгандай, алардын кирешеси 9 айда 11 млрд сомдон ашып, өткөни жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35% өскөн. Кирешелердин 86%, тагыраагы 9,3 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн.
Ал эми сальдолошторулган пайда 679,5 млн сом болгон. 9 айда 2 млндон ашык камсыздандыруу келишими түзүлгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу