Мамлекет тарабынан жардам көрсөткөн адвокаттардын акысын көтөрүү сунушталууда
Мамлекет тарабынан кепилденген адвокаттардын аксын жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбооору коомдук талкууга чыгарылды.
Юстиция министрлиги иштеп чыккан долбоор мамлекет жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун арттырууну көздөйт. Анда эсептик көрсөткүчтөр менен туюнтулган бардык колдонуудагы тарифтердин өлчөмдөрүн эки эсеге көбөйтүү каралган. Акы республикалык бюджеттен берилет.
Токтом долбоору кабыл алынганда гана карала баштаган иштер үчүн адвокаттарга жогорулатылган акы төлөнмөкчү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу