Кыргызстандыктар байып жатабы?

Кыргызстандыктар байып жатабы?

Жарым жылда калктын номиналдык акчалай кирешелери 571,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 19,0 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат.

Маалымдалгандай, мындай көрсөткүч үй чарбаларга жүргүзүлгөн интеграцияланган тандалма изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча чыгарылган.
Ал эми жарым жылдыктагы керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 516,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,6 пайызга өскөн.
  • Бишкек шаары - 125 млрд 27 млн сом.
  • Жалал-Абад облусу - 88 млрд 840,9 млн сом.
  • Ош облусу - 84 млрд 793,1 млн сом.
  • Чүй облусу - 72 млрд 549,4 млн сом.
  • Баткен облусу - 41 млрд 618,2 млн сом.
  • Ош шаары - 36 млрд 571,6 млн сом.
  • Ысык-Көл облусу - 35 млрд 627,1 млн сом.
  • Нарын облусу - 16 млрд 51,4 млн сом.
  • Талас облусу - 15 млрд 540,3 млн сом.
2026-жылдын I жарым жылдыгында калктын жан башына алгандагы орточо реалдуу акчалай кирешелери айына 12 741,2 сомду түзгөн жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,6 пайызга өскөн. Ал эми милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгарып салуу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2026-жылдын I жарым жылдыгында айына 13 466,5 сомду түзгөн. Мында мурдагыдай эле калктын жашаган жерине жараша жан башына эсептелген орточо акчалай кирешелеринде айырмачылыктар сакталды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эмгек акы төлөөдөгү карыздын көлөмү 84,3 млн сомго жетти

Негизги капиталга салынган инвестициянын булактары

Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,4 трлн сомду түздү

Айыл чарба, токой чарба, балык продукцияларынын дүң чыгарылышы 453,2 млн сомду түздү

10 айда 770 млн сомдон ашык өнөр жай продукциялары өндүрүлдү