Эмгек акы төлөөдөгү карыздын көлөмү 84,3 млн сомго жетти
1-октябрына карата жалпы республика боюнча эмгек акы төлөө боюнча жалпы карыздын суммасы 84,3 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул учуруна салыштырганда 5,5 пайызга жогорулады. Маалымат Улуттук статистика комитетинин отчётунан алынды.
Белгилүү болгондой, карыздардын жалпы суммасынын олуттуу үлүшүн Чүй (53,0 пайыз), Баткен (18,6 пайыз), Жалал-Абад (17,9 пайыз) облустарындагы жана Бишкек шаарындагы (8,7 пайыз) ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине болгон карыздар түзгөн.
- Чүй облусу - 44,6 млн сом.
- Баткен облусу - 15,7 млн сом.
- Жалал-Абад облусу - 15,1 млн сом.
- Бишкек - 7,3 млн сом.
- Нарын облусу - 1,2 млн сом.
- Ысык-Көл облусу - 0,3 млн сом.
- Ош облусу - 0,1 млн сом.
- Талас облусунда карыз жок.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу