Негизги капиталга салынган инвестициянын булактары
Январь-октябрь айларында Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 422,9 млрд сомду түзгөнү маалым болгон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына карасак, анын 348 млрд 542,9 млн сому ички инвестициялардын көлөмүнө туура келет. Анын ичинен республикалык бюджеттен 117 млрд 776,1 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 6 млрд 590,7 млн сом, ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынан 91 млрд 664,5 млн сом, банктын кедиттерден 29 млрд 989,3 млн сом, калктын каражатынан жана КР резиденттеринин кайрымдуулук жардамынан 102 млрд 522,3 млн сом бөлүнгөн.
Ал эми тышкы инвестициялардын көлөмү 74 млрд 379,5 млн сомду түзгөн. Анын 9 млрд 75 млн сому чет өлкөлүк кредитттерге, 57 млрд 831,2 млн сому тике чет өлкөлүк инвестицияларга, 7 млрд 473,3 млн сому чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардамдарга туура келет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу