Чүй облусунда акылдуу эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Чүй  облусунда акылдуу эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнун филиалы – Чүй  электр тармактар ишканасы тарабынан Аламүдүн районунун Айкөл жаңы конушунда  акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, анын сапатын жакшыртуу максатында Аламүдүн РЭТине 3600 даана акылдуу эсептегич берилген. Бүгүнкү күндө алардын 2100 даанасы орнотулуп бүттү.

Акылдуу эсептегичтин эски эсептегичтен айырмасы – бул көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө жана реалдуу убакытта компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Мындан тышкары, акылдуу эсептегич орнотулган кардарларды аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаанын өнөр жай өндүрүшү 4,3 эсеге өстү

Ак-Талаанын өнөр жай өндүрүшү 4,3 эсеге өстү

Президент Садыр Жапаров 25-июнда Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуп, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү, инфратүзүмдүк долбоорлор жана келечектеги иштер тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы акыркы жылдары Ак-Талаада өнөр жай өндүрүшү 4,3 эсеге өскөнүн айтты. Беш жыл ичинде ондогон чакырым жолго асфальт төшөлүп, дагы кошумча жол тилкелери салынары

Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

25-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Шандор Дорогини “Ынтымак Ордо” резиденциясында кабыл алды. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашып, соода-экономикалык байланыштардын өсүшүн белгилешти. Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкка көңүл бурулуп, “Stipendium Hungaricum” билим берүү программасынын

Коруктардын жана улуттук парктардын аянтын азайтууга тыюу салуу демилгеленди

Коруктардын жана улуттук парктардын аянтын азайтууга тыюу салуу демилгеленди

Министрлер кабинети Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга жана алардын коргоо даражасын төмөндөтүүгө 20 жылга тыюу салган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилге жаратылыштын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга багытталганы белгиленет. Демилгечилер акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана кен

Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музей жаңылат

Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музей жаңылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарындагы “Кара-Тал Жапырык” жана Нарын мамлекеттик жаратылыш коруктарына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музейди жаңыртуу маселеси көтөрүлдү. Музей 2016-жылдан бери кароосуз калып, ичиндеги экспонаттардын жана имараттын абалы начарлап кеткен.