Кытайлык CNEEC Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскадын курууга жардам берет

Кытайлык CNEEC Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскадын курууга жардам берет

2024-жылдын 24-январында Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Меморандумдун негизги максаты – Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскады менен Кара-Кече жылуулук станциясынын курулуш иштерине багытталган.

Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады жалпы үч гидроэлектро станциядан турат. Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт. Бир жыл ичинде болжолду 3,3 млрд киловат-саат өндүрүлөт:

·         Каракөл ГЭС – 33 МВт;

·         Көкөмерен ГЭС-1 – 360 МВт;

·         Көкөмерен ГЭС-2 – 912 МВт.

Ал эми жалпы 600 МВт кубаттуулугу бар Кара-Кече жылуулук станциясы Нарын облусунун Жумгал районуна курулат.

China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) – компаниясы күн, шамал, гидро станцияларын куруу жаатында жетиштүү тажрыйбага ээ. Компания алгач ишмердүүлүгүн баштаганда 1000 адам эмгектенип, бүгүнкү күндө кызматкердин саны 5000ге жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мүчөсү болду

Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мүчөсү болду

Манас шаарынын мурдагы мэри Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамына кирди.  Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети колдоду. Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп төрт ай иштегенден кийин президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду. Ал мэрлик кызматка 2026-жылдын 20-февралында дайындалган. Кыргызстандын экономика,

Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды

Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды

22-июнда Токмок шаарындагы "Гавайи" эс алуу борборунун аймагында 22 адамдын катышуусунда ок атуу менен коштолгон жаңжал болду. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы пикир келишпестик алгач кайым айтышуудан башталып, кийин мушташка айланган. Андан соң катышуучулар бири-бирин унаалар менен кууп жөнөшкөн.

“Лейлек Сүт” ишканасы күнүнө 600 литр сүттү кайра иштетүүдө

“Лейлек Сүт” ишканасы күнүнө 600 литр сүттү кайра иштетүүдө

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө жайгашкан “Лейлек Сүт” сүттү кайра иштетүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө жетекчи ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, жабдууларынын абалын жана чыгарылып жаткан продукциялардын түрлөрүн көрүп чыкты. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. Орозбеков айыл аймагы жана