Куланак ГЭСин куруу үчүн 4,9 гектар жер трансформацияланат
Министрлер кабинети Нарын районунда жайгашкан жер тилкелерин Куланак ГЭСинин объекттерин куруу үчүн трансформациялоо (категориясын өзгөртүү) жөнүндө чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго 2026-жылдын 6-мартында №151 кол коюлган.
Документке ылайык, жалпы аянты 4,905 гектар болгон жер тилкелери "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өткөрүлөт. Бул жерлер Э.Дайракунов айыл аймагы, Эмгек-Талаа айыл аймагы жана Учкун айыл аймагы аймактарында жайгашкан.
Ал жерлер:
- Э.Дайракунов айыл аймагындагы №194 контурда жайгашкан 0,42 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан өткөрүлөт;
- Эмгек-Талаа айыл аймагындагы №142, 156, 157, 158, 170 контурлардагы 1,14 га жер "Суу фондунун жерлери" категориясынан өткөрүлөт;
- Учкун айыл аймагындагы №786 контурда, №39 кварталда жайгашкан 3,33 га жер "Суу фондунун жерлеринен" өткөрүлөт;
- ошол эле №39 кварталдагы 0,015 га жер "Мамлекеттик токой фондунун жерлеринен" өткөрүлөт.
Мындан тышкары, токтом менен тескери трансформация да каралган. Учкун айыл аймагындагы №3 контурда жайгашкан 1,85 га жер "Өнөр жай жана энергетика жерлеринен" "Мамлекеттик токой фондунун жерлерине" кайра өткөрүлөт.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
- жер эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жер тилкелерин максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана камсыз кылуу талап кылынат:
- шаар куруу документациясын иштеп чыгып бекитүү;
- суу агызуу системасын түзүү;
- сейсмикалык коопсуздук чараларын көрүү;
- кооптуу табигый процесстерди мониторинг кылуу талаптарын сактоо.
Документте экологиялык талаптарды, коомдук саламаттык сактоо нормаларын сактоо, ошондой эле тарыхый-маданий мурастар табылган учурда аларды коргоо (археологиялык көзөмөл менен) боюнча милдеттенмелер да белгиленген.
Эгерде жер тилкелери пайдаланылбай калса же максатына ылайык колдонулбаса, анда аларды кайра алып коюу жана жерди баштапкы абалына келтирүү чаралары көрүлүшү керек.