"Бишкек Арена" стадионунда үч кабаттуу соода борбору ачылат

"Бишкек Арена" стадионунда үч кабаттуу соода борбору ачылат

Бишкек шаарында Бишкек Арена стадионунун курулушу активдүү уланып жатканын Кыргызстандын президентине караштуу башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, объекттеги курулуш иштери толук көлөмдө жүргүзүлүп жатат жана долбоор аяктоо баскычына жакындап калды.

Каныбек Туманбаев ошондой эле стадиондун ичинде заманбап Bishkek Arena Mall аттуу соода борбору жайгаша турганын белгиледи. Ал үч кабаттан туруп, ишкерлер жана келген кардарлар үчүн бардык керектүү шарттар менен жабдылат.
Алдын ала пландар боюнча, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып жаңы соода борборундагы соода аянттарын сатуу башталат. Дүкөн ачууга кызыккан ишкерлерди алдын ала даярданууга чакырышат. Байланыш телефондору жана кошумча маалымат ошол эле күнү жарыяланат.

Келүүчүлөр үчүн жетиштүү унаа токтотуучу жайлар каралат, ал эми объект заманбап ыңгайлуулук жана инфраструктура талаптарына жооп берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media
У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

Кыргызстанда жыл аягына чейин иштеп жаткан видео-камералардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде өткөн аппараттык кеңешмеде ички иштер министри - Улан Ниязбеков билдирди. Кеңешмеде тартип сакчылар 9 айдын жыйынтыгын чыгарып, коомдук тартипти сактоо жана жаш

Ишкер Media
"Нарын" бажысы декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды аныктады

"Нарын" бажысы декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери текшерүү учурунда декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытайдан "К.Б.Г." ЖЧКсынын дарегине келген жүктө үстөл, автосамосвал жана экскаватор тетиктери, гидроцилиндрлер, шиналар жана башка товарлар көрсөтүлгөн. Текшерүүдө кошумча декларацияланбаган товарлар бар экени аныкталган. Товарлар ЕАЭБ

Ишкер Media
Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек-Балыкчы багытындагы поездди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди. Маалымдалгандай, поезд белгиленген график боюнча каттайт. Жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында уюштурулууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media