"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.
“Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы коюлган. Бул биринчи кезекте жылуу үйлөр, таза аба жана кыргызстандыктардын саламаттыгы”,-деди элчи.