Чоң-Алайда 50дөн ашык көмөк чордону оңдолуп, тейлөөдөн өттү
Чоң-Алай райондук электр тармактары алты айда 0,4–10 кВ электр тармактарын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча пландалган иштерди толугу менен аткарды.
Ош электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, Чоң-Алай РЭТинде 5 көмөк чордону оңдолуп, 50 көмөк чордону техникалык тейлөөдөн өттү. Ошондой эле 6–10 кВ аба чубалгыларынын 101,638 чакырымы, 0,4 кВ аба чубалгыларынын 54,93 чакырымы техникалык тейлөөдөн өттү.
Райондогу жолдорду кеңейтүүгө байланыштуу электр тармактарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 26 мамыча жылдырылды. Мындан тышкары, 30 мамыча алмаштырылды.
Белгиленгендей, аткарылып жаткан иштер электр жабдууларынын ишенимдүү иштөөсүнө, авариялык учурларды азайтууга жана күз-кышта калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган.



с