Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо жана электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер аткарылууда.

Ишкананын планына ылайык, Ат-Башы районунун Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Казыбек, Ак-Талаа, Терек-Суу, Ак-Моюн жана Ат-Башы айылдарында жалпы 14,5 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын оңдоо, ошондой эле жаңы 500 метр аба чубалгыларын куруу каралган. Жаңылоо иштерин жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, эскилиги жеткен жыгач мамыларды алмаштыруунун алкагында 443 даана темир-бетон мамы орнотулууга тийиш. Бүгүнкү күндө алардын 96 даанасы орнотулуп, иштер улантылууда.

Электр энергиясына болгон керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен оңдоо иштеринде кубаттуулукту жогорулатууга да өзгөчө көңүл бурулууда. 400 кВАлык 3 даана ГКТП алмаштырылып, 1 даана жаңы орнотулат, жалпы 4 даана. Ошондой эле Талды-Суу айылына кошумча 1 даана 400 кВА кубаттуулуктагы ГКТП орнотуу пландалган.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик