Өнөр жай паркын түзүү боюнча талкуу өткөрүлдү

Өнөр жай паркын түзүү боюнча талкуу өткөрүлдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Чэнду шаарынын Борбор Азия менен экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Дэн Бо жана “СтарОушен”компаниясынын жетекчиси Чжоу Жун менен жолугушту. Бул тууралууу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жолугушууга Энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов, “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын башкы жетекчиси Илгиз Сыдыгалиев жана Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплекси департаментинин жетекчиси Тимур Орозалиев катышты.

Тараптар Нарын облусунда энергияны көп керектеген, көмүртек бөлүп чыгаруусу төмөн өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Өзүнчө долбоорду электр энергиясы менен камсыздоо маселеси каралды. Инвестор электр берүүчү линияларды, көмөк чордондорду жана технологиялык кошулуу үчүн зарыл болгон башка объектилерди өз каражатынын эсебинен курууну пландап жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун энергетикалык бөлүгүн техникалык жана укуктук жактан иштеп чыгуу боюнча Энергетика министрлиги, “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААК жана “СтарОушен Инвестмент” ЖЧКсынын ортосунда жумушчу өз ара кызматташтыкты уюштуруу тууралуу макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media