Ноокатта аба чубалгыларына жаңы өткөргүчтөр тартылып жатат
Ноокат районунда электр жабдууларын жаңылоо жана жарык берүү сапатын жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Учурда аймактагы энергетиктери 110/35/10 кВ "Ноокат" көмөк чордонунан чыккан МСО фидериндеги 10 кВ чубалгысына СИП өткөргүчтөрүн тартып жатышат. Иштер Кара-Таш – Кош-Дөбө-3 тилкесинде жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, аталган өткөргүчтөр электр тармагынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, жарык берүүдөгү үзгүлтүктөрдү азайтууга жана коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзөт.


