Электр тармагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтөт

Электр тармагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтөт

Бүгүн, КР энергетика министри Алтынбек Рысбеков ШКУ саммити жана ДКО боюнча электр менен камсыздоо иштеринин жыйынтыгын чыгарган жумушчу отурумдун жүрүшүндө, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдагандай, ири иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде 600дөн ашуун энергетик күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иштеп, негизги объекттерди жана аянтчаларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылышты.

“Мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү энергетика тармагы үчүн маанилүү кесиптик тажрыйба болду. Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга жөндөмдүү экенибизди көрсөттүк. Алдыбызга коюлган милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына салым кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдирем”, - деп белгиледи Алтынбек Рысбеков.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өтө турган 11–12-сентябрь күндөрү Талас облусунда энергетикалык инфраструктура объекттеринин сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан сырткары, Алтынбек Рысбеков энергетикалык объекттерди 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоонун өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи. Тармактык уюмдардын жетекчилерине бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүү жана пландаштырылган оңдоо, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media