Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр
20-октябрга карата Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук электр станциясынын орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатты, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 2,4 миң гигакалорияны түздү.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жылуулук электр борборунда жалпысынан 15 казан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен 7 турбоагрегат жана № 3, № 4 эки энергоблок орнотулган.
Бүгүнкү күнгө карата иштеп жаткан жабдуулар - 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышкан 2 турбиналык агрегат №3 жана №4 энергоблок. Ал эми оңдоо иштеринде - 3 казан агрегаты жана 3 турбоагрегат бар.
Мындан сырткары резервде - 9 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат бар.
Күз-кыш жылытуу сезонуна карата ЖЭБдин кампасында азыр 259,625 миң тонна көмүр даярдалган.