Эмгек министри Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Эмгек министри Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Бүгүн эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен Дүйнөлүк банктын “Эмгек рыногунун жана социалдык коргоонун программаларын чыңдоо” долбоору боюнча миссиясынын алкагында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн, аткарылып жаткан иштердин учурдагы жыйынтыктарын, ошондой эле калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, өзгөчө көңүл долбоордун иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу, эмгек рыногунун программаларын өнүктүрүү, жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты социалдык колдоо чараларынын даректүүлүгүн жогорулатуу маселелерине бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн жана күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты. Жыйын Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында тар жана кеңири курамда өттү. Анын жүрүшүндө, Данияр Амангелдиев Бишкек саммитинде 28 документ бекитилип, ШКУнун институционалдык реформасы жана укуктук негизи чыңдалганын маалымдады. Ал соода-

Ишкер Media
Кыргыз опера ырчысы  Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. СССРдин эл артисти, Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган. Чыгармачылык карьерасында

Ишкер Media
Автоунаалардын кузовдорун алты айга чейин импорттоого тыюуну узартуу сунушталды

Автоунаалардын кузовдорун алты айга чейин импорттоого тыюуну узартуу сунушталды

Кыргызстанда жеңил автоунаалардын кузовдорун өлкөгө алып кирүүгө киргизилген убактылуу тыюуну дагы алты айга узартуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыгып, бүгүн коомдук талкууга чыгарды. Долбоордун негизги максаты — өлкөгө тетиктер жана кузовдор түрүндө ташылып келип, кийин мыйзамсыз чогултулган “конструктор” автоунаалардын жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу. Министрликтин маалыматына ылайык, мындай

Ишкер Media
Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр

20-октябрга карата Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук электр станциясынын орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатты, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 2,4 миң гигакалорияны түздү. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жылуулук электр

Ишкер Media