Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасы аныкталды
УКМК тарабынан “КУЭТ” ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схема аныкталды. Алар бир жыл бою электр энергиясын эсептөөчү приборлорду айланып өтүү менен электр тармагына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын пайдаланган абоненттен системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-октябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүндө (пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жогоруда аталган фактылар боюнча “КУЭТ” ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын башчысынын орун басары С.Ж.Ж. жана инспектору С.А.С. кармалды.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүруп жатат.


