Социалдык келишим программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каражат бөлүндү
Бишкекте 16 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык келишим программасынын алкагында каражат бөлүнүп берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлап, шаардагы муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо иштери улантылып жаткандыгын билиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов районунда мамлекеттик социалдык келишим программасын ишке ашыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп, анын негизинде райондун тургундарынан келип түшкөн жалпы 57 арыз кароого алынды.
Эскерте кетсек, социалдык келишимдин негизинде мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.

