Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт

Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт

Евразия өнүктүрүү банкы, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, «Астана» ЭФБнын Жашыл каржы борбору жана «Бишкек Солар» ЖЧКсы Кыргызстанда күн электр станциясын куруунун биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу келишимине Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюшту.

«Мындай долбоор республикада биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Күн станциясынын кубаттуулугу жылына 50 МВт же 91 млн кВт саатты түзөт. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) жаңы объекти өлкөнүн түндүгүндө, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жайгаштырылат, бул аны электр энергиясынын зарыл болгон кошумча көлөмдөрү менен камсыз кылат, электр энергиясынын тартыштыгын азайтат жана өлкөнүн суу ресурстарын үнөмдөөгө жардам берет», – деп билдирди ЕАӨБ.

Ошондой эле кол коюлган келишимге ылайык, ЕӨБ электростанциянын курулушун 40 млн долларга чейин каржылоого кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстан Евразия чөлкөмүндө күн энергиясынын ресурстарына ээ болуу боюнча алдыңкы орундарда турат. Күндүн орточо жылдык узактыгы 2100-2900 сааттын тегерегинде өзгөрүп турат. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күндүн горизонталдуу нурлануусунун мааниси жылына 13 001 800 кВт/саат/м2 диапазондо белгиленет. ПРООНдун маалыматы боюнча, өлкөдөгү күн электр станцияларынын орнотулган кубаттуулугунун техникалык потенциалы 267 ГВт түзөт.

«Бул долбоор Борбордук Азия үчүн да, КР үчүн да жогорку экологиялык жана социалдык мааниге ээ, мамлекеттин түндүк аймактарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Банкка мүчө мамлекеттерде жашыл каржылоону жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү биздин 2022-2026-жылдарга карата стратегиябыздын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

КР туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө долбоорлорду өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ жана биз жаңы түзүлүп жаткан GFC Bishkek компаниясы аркылуу ESG-практикасын ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөбүз», – деди ЕАӨБдүн башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов.


Евразия Өнүктүрүү Банкы – 15 жылдан ашык убакыттан бери евразиялык экономикалык байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө, ага мүчө өлкөлөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берип келет. Банктын уставдык капиталы 7 млрд долларды түзөт. ЕАӨБдүн портфелинде негизги үлүштү транспорттук инфраструктура, санариптик системалар, жашыл энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана машина куруу чөйрөсүндө интеграциялык таасири бар долбоорлор ээлейт. Банк өз ишинде БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын жана ESG принциптери менен иш алпарат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media