Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу жана табигый кырсыктар коркунучун азайтуу үчүн эң аялуу айылдык жамааттарды колдоого 2.2 млн доллар бөлөт.

Бүгүн, 28-июнда, Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кодзиро Накай Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашырууга Швейцариянын салымы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Иш-чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарында жүргүзүлүп, 50 миңге жакын аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтөт. Ошондой эле кургакчылык, сел, суу ташкындары сыяктуу табигый кырсыктардын кесепеттери менен каршы күрөшүүгө системалык ыкманы иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жана мекемелерге мамлекеттик деңгээлде жардам берет.

Бенефициарларга өз убагында ишенимдүү климаттык маалымат берилип, кырсыктарга туруштук берүү үчүн пландаштыруу боюнча колдоо, инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт

Калктын аярлуу катмарларына азык-түлүк жана малдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн инструменттер, ошондой эле алардын кырсыктарга жана кризистерге даярдыгын жогорулатуу боюнча эң эффективдүү чараларды үйрөтөт.

Демилге бир жыл ичинде ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media