Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагына 50 млн доллар берет, каражаттын жарымы - кредит

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагына 50 млн доллар берет, каражаттын жарымы - кредит

Энергетика министрлиги “Электр энергетикасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк КРга 25 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам берерин билдирди.

Министрлик ошондой эле Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) грант түрүндө кошумча 8 млн долларды тартуу маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк банктын 25 млн долларлык каржылоосунун калган бөлүгү 38 жылдык мөөнөткө, жылдык 0.75% минималдуу ставка менен жана келишимге кол коюлган күндөн тартып алты жыл жеңилдетилген насыя болуп саналат.

Кыргызстандын энергетика тармагына жалпысынан 58 млн доллар тартылат. Ошол эле учурда 2060-жылга карата каражаттардын кайтарымы 28 млн долларды (3 млн доллар пайыздык төлөм) түзөт жана 30 млн доллар гранттык каражат аталган тармакты өнүктүрүүгө багытталат.

Бул каражаттар бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоого, модернизациялоого жана санариптештирүүгө, ошондой эле социалдык коргоо тутумун чыңдоого жумшалат. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында республикада энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл шарттар түзүлөөрү күтүлүүдө.

  • Маалыматка таянсак, учурда техникалык тапшырмаларды даярдоо, сатып алуулар, ошондой эле аталган долбоорду каржылоо боюнча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду даярдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media