ЭӨА КРнын суу кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар берет - анын жарымы 38 жылдык кредит

ЭӨА КРнын суу кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар берет - анын жарымы 38 жылдык кредит

Кечээ, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган макулдашууга ылайык, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу, ошондой эле Баткен облусундагы бир катар айылдарында суу менен камсыздоонун жаңы системаларын куруу жана мурда болгондорун калыбына келтирүү максатталган.

Мындан тышкары, долбоордук каражаттардын эсебинен Карадарья-Сырдарья-Амударья (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) дарыяларынын бассейнинде жайгашкан үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо боюнча иштер каржыланат.

Долбоордун жалпы суммасы – 100 млн доллар, анын ичинен, кредит – 50 млн доллар, грант – 50 млн доллар. Ал эми пайыздык чен – жылдык 0.75% өлчөмүндө берилет. Кредиттин мөөнөтү – 38 жыл, жеңилдетилген мезгил – 6 жыл.

Жыйында Айыл чарба министрлигинин өкүлү долбоор 2022-2028-жылдардын аралыгында ишке ашырыларын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media