2023-жылы Бишкекте Кытайдын грантына беш жол түйүнү курулат

2023-жылы Бишкекте Кытайдын грантына беш жол түйүнү курулат

Келерки жылы Бишкекте беш транспорттук жол түйүнү курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор кытай грантынын эсебинен ишке ашырылат.

«Жол түйүндөрү светофорсуз, айланма көпүрөлөрсүз болот. Учурда «Бишкекбашкыархитектура» ишканасы тарабынан берилген эскиздер кытай тарап менен макулдашылып жатат. Алардын курулушу 2023-жылдын март айында башталат», – деди ал.

Нусувалиев ошондой эле быйыл борбор калаада кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынганын да кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Өрүктүдө экологиялык талапты бузган жаранга айып пул салынды

Чоң-Өрүктүдө экологиялык талапты бузган жаранга айып пул салынды

Интернет булактарында жарыяланган видеонун негизинде Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында таштанды калдыктарын белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын тескөөчүлөрү жүргүзгөн текшерүүдө экологиялык талаптарды бузган жаран аныкталган. Жыйынтыгында "Укук

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү. Андан соң өкмөт башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Жыйынга Евразия

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында "Айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги" аттуу панелдик сессия өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары